Меню
Эл-Сөздүк

Чектелүү буюм укуктары

ЧЕКТЕЛҮҮ БУЮМ УКУКТАРЫ – менчик укугунан келип чыккан буюмдарга укуктуулук. КР жарандык мыйзамдарында Ч. б. у-нын төмөнкү түрлөрү белгиленген: а) чарба жүргүзүү укугу; б) ыкчам башкаруу укугу; в) жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) пайдалануу укугу; г) башканын кыймылсыз мүлкүн чектелүү пайдалануу укугу (сервитут); д) мыйзамда каралган учурларда ал мүлктүн ээси болуп саналбаган кишилердин мүлкүнө буюм укугу. Мындан сырткары, Ч. б. у-на ошондой эле булар да кирет: пайдалануучунун башка бирөөнүн мүлктөрүн мыйзамдуу негизде пайдалануудан түшкөн кирешелерди өзүнө ыйгарып алуу укугу; барымта кармоочунун барымта буюмуна укугу; багуудагынын укугу; ижарачынын ижара объектине укугу; ишеним башкаруучунун ишеним башкарууга алган мүлктөргө карата укугу.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: